• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Индияда ачуусу келген пил туристтерди кубалап айласын кетирди

Дүйнө 0


Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Индиянын Джалпайгури шаарында сафари-турдун жүрүшүндө ачууланган пил туристтерди кубалап айласын кетирген. Бул тууралуу бир катар чет элдик ММКлар жазып чыгышты.

Жапайы пил чоң трассага чуркап чыгып, туристтер бара жаткан унаалардын бирин кубалай баштаган. Капысынан пил менен өзгөчө "жарышка" түшкөн туристтердин айласы кеткен. Бир нече мүнөттөн кийин ачуусу тараган пил токойду көздөй бет алып, туристтер сапарын улаган.

Бактыга жараша жагымсыз окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий