• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Индияда алкоголдук ичимдиктен 154 адам каза болуп, дагы 200 ашыгы ооруканага түштү

Дүйнө 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. Индиянын түндүк-чыгышындагы Ассам штатында бузулган алкоголдук ичимдиктен 154 киши каза болуп, дагы 200 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

Мыйзамсыз алкоголду ташууга шектүү катары 34 адам камакка алынды.

Полиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү болушу мүмкүн деген адамдарды суракка алууда.

Начар сапаттагы спирттик ичимдик Ассам штатында өндүрүлгөн. Адистер анын курамына эмнелер кошулганын изилдеп жатат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, кедей адамдар акчасына жараша мыйзамсыз түрдө жасалган алкоголдук ичимдиктерди алышарын билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий