• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Индияда алтын аткезчилиги үчүн 28 түркмөн жараны кармалды

Дүйнө 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Индияда Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто аткезчилик жол менен өлкөгө 19 килограмм алтын алып кирүүгө аракет кылган 28 түркмөн жараны кармалды. Алардын арасында 22 аял бар. Бул тууралуу Индиянын маалымат каражаттары жазышты.

6-майда «The Indian Express» басылмасы жума күнү 23 түркмөн жараны кармалганын кабарлаган. Алардын жанынан табылган алтындын жалпы баасы 60 миллион рупий же 890 АКШ долларына барабар болгон.

«Ал жарандардын буга чейин дагы Делиге келип жүргөнү аныкталды. Акыркы жолку сапарында алар аткезчилик жол менен өлкөгө 7 килограмм алтын алып келип, ишкерлердин бирине саткан», - деп жазды басылма.

Көп өтпөй өлкөнүн Бажы кызматына Түркмөнстандан учкан дагы бир учакта мыйзамсыз алтын алып келаткан беш түркмөн жараны бар экендиги тууралуу кабар келип түшкөн. Текшерүүлөрдөн кийин алардын алтын алып кирүү аракети мыйзамсыз экени аныкталып, кармалышкан.

Учурда бул иштер боюнча тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий