• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Индияда автобус менен жүк ташуучу унаанын кагышуусунан 9 адам мерт кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрда Индиянын Мадхья-Прадеш штатында болгон жол кырсыгынан кеминде 9 адам каза болуп, 23ү ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция кызматы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Мадхья-Прадеш штатында бейшемби күнү автобус менен жүк ташуучу унаа кагышкан.

"Кырсыктан жабыр тарткандардын баары ооруканага жаткырылган. Автобустун 10 жүргүнчүсүнүн абалы оор", - деп билдирет полиция кызматынын өкүлү Абид Хан.

Полициянын маалыматында, эки унаа катуу кагышкандыктан автобустун 4 жүргүнчүсү окуя болгон жерден метр кеткен.

Жол кырсыгы эмне себептен болгону белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий