• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Индияда автобус жол кырсыгына учурап, 11 адам каза болгон

Дүйнө 0

Бишкек, 19.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Индиянын Махараштра штатында автобус жол кырсыгына учурап, 11 адам каза болуп, 12ден ашык киши жаракат алган. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирет.

Кырсык жекшемби күнү кечки маал болгон. Мамлекеттик автобус Аурангабад шаарынан Шахада конушуна бара жаткан. Жолдо бара жатып автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.

Полиция кызматынын билдиргени боюнча, эки унаанын айдоочусу тең каза болгон.

DNA гезитинин маалыматына ылайык, жол кырсыгында 13 адам каза болуп, 20 адам жабыркаган. Кырсыкка учураган автобустун ичинде 45 жүргүнчү болгон. Алардын ичинен 8 адам оор абалда ооруканада жатат.

Пикир

Оставить комментарий