• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Индияда чагылган кеминде 60 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Индиянын түндүгүндө чагылгандан кеминде 60 адам каза болгонун РИА Новости NDTV телеканалына таянып жазып чыкты.

Дем алыш күндөрү нөшөрлөгөн жаан менен чагылган Индиянын түндүгүндө катталды. Уттар-Прадеш штатында чагылгандын айынан 41 адам каза тапты. Окуя айыл жергесинде болуп, көз жумгандардын көбү аял жана балдар болгон.

Ал эми Раджхастан штатындагы мунарага чагылган тийип, 11 турист мерт кеткен. Дагы тогуз адам башка штаттардан каза болгон.

Өлкөнүн премьер-министри Нарендра Моди каза болгондордун жакындарына кенемте төлөп берүүнү убадалады.

Пикир

Оставить комментарий