• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Индияда эки күн ичинде чагылгандан 51 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 25.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Индиянын чыгышындагы Бихар жана Джаркханд штатында чагылгандан улам эки күн ичинде 51 адам каза болуп, 9у жабыркады. Бул тууралуу полиция кызматына таянып NDTV телеканалы жазып чыкты.

Буга чейин Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатында 32 адам чагылгандан каза болгону айтылган.

"Джамтара аймагында 5 адам каза болуп, бир адам жабыркаган. Алардын баардыгы жамгыр башталганда жакынкы көлмөдөн келе жатышкан. Чагылган урганда алар көпүрөнүн алдында болчу", - деп жазылат маалыматта.

Телеканалдын маалыматына ылайык, Бихар штатында 39 адам, Джаркханде штатында 12 адам каза болгон. Жергиликтүү бийлик каза болгондордун туугандарына компенсация төлөп берүүгө акча бөлгөн.

Эскерте кетсек, Американын Клируотер шаарынын суу жээгинде 8 адам чагылгандан жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий