• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Индияда кыргыз-индия аскерлери биргелешкен машыгуудан өтүшүүдө - сүрөт

Коом 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 25-мартынан 7-апрелине чейин Индиянын аймагында атайын багыттагы күчтөрдүн «Канжар – IХ 2022» кыргыз-индия биргелешкен машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгууда Кыргызстанды Коргоо министрлигин 52806 жана 52870 аскер бөлүктөрүнөн түзүлгөн аскердик контингент тааныштырат.

"Эки жума бою кыргызстандык жана индиялык аскердик кызматтарынын атайын багыттагы бөлүктөрү мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү тоолуу шарттарда жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операцияга киргизүүгө даярдоонун маселелерин иштеп чыгышат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле биргелешкен машыгуунун планы боюнча тактикалык, тоо, аскердик-медициналык, ок атуу даярдыгы боюнча, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдык шарттарда аман калуу техникасы боюнча практикалык сабактар пландаштырылган.

Белгилей кетсек, машыгуу буга чейинки окутуудагы бардык сабактарды практикалык бышыктоолор жана тактикалык эпизоддор менен жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий