• 84.45
  • 89.13
  • 1.36

Индияда кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду - ТИМ

549 кароо Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Индиянын Нью-Дели шаарында болгон кыргызстандык келин М.Ж. жана анын баласы М.Ч.нын өлүмдөрүнө байланыштуу каргашалуу окуя тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрынан 21-сентябрына караган түнү маркумдун досунун батиринде болгон.

Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда, кылмыштын күбөлөрүнүн чөйрөсү түзүлүп, видеобайкоо камераларынын жаздыруулары изилденүүдө.

Каза болгондордун Индияда жашаган туугандары КР жаранын жана анын баласын Кыргызстандын аймагына коюуга макул болушкан.

Элчилик жүк-200дү Бишкекке жөнөтүү маселеси менен иштеп жатат. Бул маселе элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий