• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Индияда наристени кокустуктан тирүүлөй көмүп алышкан

Дүйнө 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Индиянын Гуджарат штатында наристенин ата-энеси аны кокустуктан тирүүлөй көмүп салышкан. Бул тууралуу The Indian Express басылмасы билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, наристени кийинки күнү эртең менен мүрзөнүн жанынан өтүп бара жаткан эркек киши байкап калган. Ал кошуналарын чакырып, наристени жерден казып алып чыгышкан. Жергиликтүү тургундар тез жардам кызматын күтпөстөн аны ооруканага жеткирген.

"Оорукананын дарыгерлери наристенин апасынын төрөтүн буга чейин кабыл алгандыктан ымыркайды таанышкан. Наристе 2,5 ай эрте жарыкка келгени аныкталган. Ооруканада жандандыруу бөлүмү жок болгондуктан, дарыгерлер жаңы төрөлгөн баланы жеке ооруканага алып баруусун айтышкан", - деп айтылат маалыматта.

Наристенин ата-энесинин айтымында, жеке ооруканага бара жаткан жолдо ымыркай кыймылдабай калгандыктан аны жерге берүүнү туура көргөн.

Куткарылган наристе кыз жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок 30 сааттан кийин ал чарчап калган.

Пикир

Оставить комментарий