• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Индияда окуучуларды ташыган автобус жол кырсыгына кабылып, 22 окуучу жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Индияда, Мадхья-Прадеш штатынын борбордук бөлүгүндө окуучуларды ташыган автобус жол кырсыгына кабылып, анын айынан 22 окуучу жабыркаган. Бул тууралуу India Today журналы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Журналдын маалыматына караганда, кечээ эртең менен ичинде 30га жакын окуучуну ташып бара жаткан автобус тоодогу жолдун кыйын жеринен өтүп бара жатып оодарылып кеткен.

Окуянын күбөлөрү айдоочу автобусту айдап баратканда улам алаксыганын айтышкан.

"Учурда жабыркагандар ооруканада жатышат. Алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган жок", - деп айтылат маалыматта.

Автобустун айдоочусу кармалып, полиция окуяны иликтеп баштаган.

Пикир

Оставить комментарий