• 84.78
  • 96.26
  • 1.11

Индияда орган алмаштырган кыргызстандыктардын дарылануу наркын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

Ден соолук 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Күн мурун, 28-январда Индиянын Нью-Дели шаарындагы «Дхарамшила Нараяна» адистештирилген госпиталдын жетекчилигинин чакыруусу менен Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаевдин аталган госпиталдын түндүк аймагы боюнча директору Навниит Бали жана ошондой эле башкы дарыгерлери менен жолугушуулары болуп өттү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, негизинен сөөк чучугун, боорун жана бөйрөгүн трансплантациялоого келип жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн дарылануунун наркын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу макулдашышты.

Мындан тышкары, тажрыйба менен алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн ушул жылы кыргыз жана индия медиктеринин өз ара сапарларын уюштуруу боюнча тараптар келишимге келишти.

Кыргыз жарандарынын дарылануусун сарамжалдуу пландаштыруу максатында кээ бир процедураларды, ошондой эле индиялык дарыгерлеринин онлайн-кеңештерин өткөрүү мүмкүн экендигин госпиталдын өкүлдөрү тарабынан белгиленди.

Сапардын алкагында элчи госпиталдын иши жана операцияга чейинки жана операциядан кийин кам көрүү үчүн алдыңкы технологиялар менен таанышты.

Маалымат үчүн: «Dharamshila Narayana Superspeciality» - бул дүйнөлүк класстагы медициналык инфраструктурасы жана кардиология, онкология, сөөк чучуктун трансплантациясы, интенсивдүү терапия, неврология, боорду жана бөйрөктү трансплантациялоо ж.б. ар кандай адистиктер боюнча комплекстүү медициналык жардамды берген жогорку квалификациядагы врачтары бар заманбап көп тармактуу оорукана.

Пикир

Оставить комментарий