• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Индияда "русалка" бала төрөлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 29.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Индиянын Лакхимпур-Кхери районунун Уттар-Прадеш штатында сиреномелия оорусу (русалка синдрому) менен ымыркый төрөлдү. Бул тууралуу The Times of India билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү ооруканада болгон төрөт жеңил болгон, бирок ымыркайдын эки буту бири-бирине кошулуп калган.

Жаңы төрөлгөн ымыркайдын абалы оор болуп, дарыгерлер райондук ооруканага жиберүүгө сунуштаганына карабай кеч болуп калган.

Дарыгерлердин айтымында, бала өтө алсыз абалда болуп бир саат аралыгында көз жумган. Дарыгерлер ымыркайдын жынысын да аныктаганга жетишпей калган.

Белгилей кетсек, сиреномелия оорусу 100 миң төрөлгөн балдардын бирөөсүндө катталат. Мындай оору менен төрөлгөн балдардын ички органдары жетиштүү деңгээлде өрчүбөгөндүктөн каза болууга алып келет.

Пикир

Оставить комментарий