• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Индияда СOVID-19дан каза болгондордун саны 400 миңге жакындап калды

Дүйнө 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Индияда СOVID-19дан каза болгондордун саны 400 миңге жакындап калды. Расмий бийлик 30-июнда эле коронавирустан 900 киши көз жумуп, вирус жуктургандар 30 миллион кишиге жеткенин кабарлады.

Ал ортодо Индияда жаан-чачын мезгилине байланыштуу Ганга дарыясында суунун деңгээли жогорулап, быйыл жазында коронавирустан өлгөндөрдүн сөөктөрү калкып чыгып калууда. Анда аймактагы жашоочулардын көбү каза болгон жакындарынын сөөктөрүн салтка ылайык өрттөй албай, шашылыш түрдө сууга агызып же жээктеги кумдуу жерлерге көмүп коюшкан.

"Адамдар бул жерлерге жакындарынын сөөгүн көмүү менен көйгөй жаратышты. Ганга дарыясында суунун деңгээли жогорулап, нугунан чыкканда тайыз көмүлгөн сөөктөр калкып чыгып, аларды каргалар менен жолбун иттер жеп жатышат", — деди Раджу Чандал аттуу жергиликтүү тургун.

Ганга дарыясынын жээгинде жайгашкан Аллахабад шаарынын бийлиги акыркы үч жуманын ичинде суудан калкып чыгып калган 150 сөөк өрттөлгөнүн билдирди.

Калаа бийлигинин маалыматына караганда, коронавирус күчөп турган маалда Ганга дарыясынын жээктерине 600гө чейин кишинин сөөгү көмүлгөн болушу мүмкүн.

Салтка ылайык, индустар каза болгон кишинин сөөгүн өрттөп, күлүн сууга чачышат. Бирок бул жөрөлгө үчүн 100 долларга чейин акча төлөө керек болгондуктан, калктын жакыр бөлүгү жакындарынын сөөктөрүн ыйык эсептелген Ганга дарыясына агызып же жээгине көмүшкөн.

1,3 миллиард калкы бар Индия дүйнөдө коронавирустан эң көп жапа жеккен өлкө болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий