• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Индияда сутка ичинде COVID-19 инфекциясы дээрлик 10 миң адамдан аныкталды

Дүйнө 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Индияда сутка ичинде COVID-19 инфекциясы 9,9 миңдей адамдан аныкталып, жалпы саны 286 миң 579 учурга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо жана үй-бүлөлүк бакубатчылык министрлигинен билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Жонс Хопкинс университетинин эсептөөсүнө караганда Индия дүйнөдө илдетти жуктургандардын саны боюнча бешинчи орунга чыкты.

Индияда шаршемби күнү илдетти жуктурган 276 миң 583, шейшемби күнү 266 миң 598 учур катталган. Бир күн ичинде 9,9 миңден ашык жаран илдет жуктуруп алганы аныкталды.

Министрликтин маалыматына ылайык, Индияда 137 миң 448 адам дарыланууда, 141 миң 28 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган. 8 миң 102 адам каза болгон.

Индиянын Махараштра штатында 94 миң 41 жаран илдетке кабылып, оорулуулардын саны боюнча алдыңкы орунда турат. Андан кийин Тамилнад штатында 36 миң 841 бейтап дарыланууда. Үчүнчү орунда Дели шаары, ал жерде 32 миң 810 жаран коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий