• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Индияда трансформатор жарылып, 14 киши каза болду

Дүйнө 0


Бишкек, 01.11.17/ Кабар/. Индиянын Раджастанхан штатында транформатор жарылып, кеминде 14 киши каза болду. Бул тууралуу шаршемби күнү ANI агенттиги жазып чыкты.

Кырсык күн мурун Шахпура шаарындагы калктуу Хатулаи аймагында жүз берген.

Көп адамдын каза болушу кырсык болгон учурда транформатордун жанында адамдардын көп жүргөндүгү менен түшүндүрүлүүдө.

Көпчүлүгүнүн денелери күйүп калган ,-деп маалымдайт РИА Новости.

Азырынча жарылуунун так себептери белгисиз. Бирок жарылып кеткен трансформатор үч күн мурда эле орнотулгандыгы айтылууда.

Жабдыкты орноткон ишкана каза болгондордун жакындарына миллион рупиден (дээрлик 16 миң доллар) төлөп берүүнү убадалады.

Пикир

Оставить комментарий