• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Индияда турак үйдүн кранынан спирт ичимдиги агып, тургундардын тынчын алды

Дүйнө 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Индиянын Триссур шаарындагы турак үйдүн 18 үй-бүлөсү бийликке үйдөгү крандан ичүүчү суу ала албай жатканын айтып, арызданышкан. Бул тууралуу The News Minute платформасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Турак үйдүн тургундарынын айтымында, алгач үйдө спирт ичимдигинин жыты жыттанган, кийинки күнү крандан ликер (алкоголь ичимдиги) менен суу аралашып аккан.

Көрсө, алты жыл мурун үйдүн жанында ичимдик саткан бар болгон. Кийин ал жай жабылып калган.

"Мурунку жумада аткаминерлер ичимдиктерди кайра иштетүүгө уруксат алып, анын барын эс алуучу жайга жакын жерге көмүп салган. Жыйынтыгында 6 миң литр спирт ичимдиги суу менен камсыз кылуу системасына агып, суу менен кошулуп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Бийлик жабыр тарткан тургундарга ичүүчү таза суу менен камсыз кылып, суу системасында тазалоо иштерин башташкан.

Пикир

Оставить комментарий