• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Индияда жамгырдын суусуна толгон арыкка жуунабыз деп 7 бала чөгүп кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 29.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Индиянын чыгышында жаан суусуна толгон арыкка жуунабыз деп 7 бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Times of India. гезити жазат.

Маалыматка ылайык, Бихар штатындагы Дойла айылында жаандан улам сел катталган. Полиция кызматынын билдирүүсүндө, каза болгон балдар 8-10 жашта жана алардын экөөсүн жергиликтүү тургундар куткарып калган.

Жекшемби күнү 9 бала жол боюндагы жаандын суусуна толгон арыкка жуунганы барышкан. Алардын кээ бири тайгаланып терең сууга түшүп кетишкен. Ылай аралашкан суудан баары чыкканга үлгүрбөй калган. Жабыркагандарды жакынкы ооруканага жеткиришкенде, дарыгерлер балдар каза болгонун билдирген.

Белгилей кетсек, Бихар штатындагы сел 8,3 миллион адамга ыңгайсыздык жараткан жана 127 адамдын өмүрүн алган.

Пикир

Оставить комментарий