• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Индияда жубайлар жер астында 3 күндөй көмүлүп жаткан ымыркайды куткарып калышкан

Спорт 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Индияда жубайлар чопо идишке салынып тирүүлөй көмүлгөн ымыркайды куткарып калышкан. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирет.

Маалыматка ылайык, Уттар-Прадеш штатында соодагер Хитеш Кумар Сирохи өзүнүн жубайы менен төрөлгөндөн кийин чарчап калган кызын жерге берүү үчүн мүрзөгө келген. Көрдү казып жаткан жумушчулар бир метр тереңдикте чопо идишти таап алат. Анын ичинде тирүү ымыркай бар экенин байкап калышат.

Хитеш Кумар дароо дарыгерди чакырып, жарым-жартылай тирүү ымыркайга сүт берген.

Ымыркай райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер белгилегендей, анын абалы жакшырууда.

Алардын айтымында, ымыркай жердин астында 3 күндөй жаткан.

"Аталган штаттын полиция кызматы тирүүлөй көмүп салган кыздын ата-энесинин өздүгүн аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий