• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Индиядагы көп кабаттуу батирден чыккан өрттөн 5 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Индиянын борборундагы көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 5 адам каза болуп, кеминде 11 киши жабыркады. Бул тууралуу ANI агентствосу өрт коопсуздугуна шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Агентствонун билдирүүсүндө, өрт дүйшөмбү күнү кечинде Закер Нагар районунда чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр кеминде 20 адамды куткарышкан.

Holy Family ооруканасынын башкы дарыгеринин айтымында, 5 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы бир жабырлануучу педиатрия бөлүмүнө жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий