• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Индиядагы парламенттик шайлоодо Модинин партиясы утуп чыкты

Дүйнө 0

Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин "Бхаратия Жаната" партиясы парламенттик шайлоодо чоң жеңишке жетип, 543 мандаттын 288 мандатына ээ болду.

Модинин партиясы парламенттеги орундардын жарымынан көбүн алууга жетишип, эми жаңы министрлер кабинетин түзмөкчү.

Нарендра Модинин партиясы экономикалык ырааттуу саясатты жүргүзүүгө, индиялыктарга жана өлкөдөгү Улуттук коопсуздук маселелерине артыкчылык берүү убадалары менен парламенттик шайлоодо чоң жеңишке жетишишти.

Эскерте кетсек, 1 миллиард 340 миллионго жакын калкы бар бул өлкөдө добуш берүү дээрлик алты жумага созулду.

11-апрелде башталган Индиядагы парламенттик шайлоо жети баскычка бөлүнгөн. Акыркы баскычтагы добуш берүү 19-майда аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий