• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Индиядагы топон суудан 400 миңден ашуун адам жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 12.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Индиянын түндүк-чыгышындагы Ассам штатында топон суудан 400 миңден ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдиргенинРИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 749 айыл жана 17 миң гектар айыл чарба жерлерин суу каптаган. Акыркы күндөрү Индиянын 27 районунун 17си табигый кырсыкка учураган. Үзгүлтүксүз жааган жамгырдан улам дарыядагы суунун деңгээли бир топ көтөрүлүп кеткен.

Синоптиктер Ассамдагы нөшөрлөгөн жаан аз дегенде дагы эки күнгө уланаарын эскертет. Топон суудан улам көпүрөлөр жабыркап, суу каптаган жолдор куткаруу иштерине тоскоолдук жаратып жатат.

Полициянын билдирүүсүндө, топон суудан 3 адам көз жумган. Мындан сырткары, кырсыктын айынан бир нече жергиликтүү тургундар белгисиз жоголгон.

Пикир

Оставить комментарий