• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Индиялык студенттерден акча алган окуу жай лицензиясынан ажыратылды

Коом 0

Бишкек, 23.07.18./ Кабар/. Индиянын студенттеринен акча алган жогорку окуу жайы лицензиясынан ажыратылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эл аралык илим жана бизнес университетинин “Дарылоо иши” адистиги боюнча лицензиясы ушул жылдын май айында көп жолку эреже бузуулардан улам токтотулган.

Министрлик жакында мекеменин билим берүү ишмердигине толугу менен текшерүү жүргүзөөрүн айтты. Ошондой эле университеттеги көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан студенттер менен жолугушуу пландалууда.

“Учурда мыйзамга ылайык, министрлик окуу жайдын билим берүү ишмердүүлүгүн улантуусу үчүн лицензияны кайтарып алуу үчүн соттук доо даярдап жатат”, - деп билдиришти ведомстводон.

Белгилей кетсек, буга чейин Индиядан келген студенттер окуу жайда алардан акча алып жатышканын айтып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий