• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Индиялыктар кыргыз жоокерлерине тоодо операцияларды өткөрүүнү үйрөтүп жатышат

Коом 0

Бишкек, 04.02.20./Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында аскердик окуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлашты.

Иш-чара 27-январдан тарта “Эдельвейс” окуу борборунда өтүүдө.

КРнын Улуттук гвардия, Чек ара кызматынын жана Кургактагы аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн Индия мамлекетинин Коргоо министрлигинин кызматкерлери окууларды өткөрүүдө.

Максаты – тоо жергесинде биргеликте мыйзамсыз куралдуу иш-чараларды жок кылуу үчүн атайын дайындалган бөлүмдөрдү даярдоо.

Биргелешкен тренингдердин алкагында тактикалык, тоо, аскердик-медициналык, оттук даярдоо, аскердик типография, имараттарга кол салууда жана экстремалдуу абалдарда аман калуу техникалары боюнча практикалык окуулар пландалган.

Пикир

Оставить комментарий