• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Индиянын инвесторлору Бишкекте гемодиализ борборун ачышат

Ден соолук 0

Бишкек, 29.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте жаңы гемодиализ борбору ачылат. Бул тууралуу КР Инвестицияларды илгерлетүү агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча медициналык борбор Кыргыз-Россия славян университетинин базасында иштеп, ишмердиги жарандарга гемодиализ кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталат.

“Бүгүнкү күнү борбордо бирөөнүн баасы 20 миң АКШ доллары турган үч гемодиализ жабдуусу орнотулган. Дагы кошумча үч жабдууну орнотуу пландаштырылууда. Борбордун өнүгүшү менен инвестор саламаттык сактоо тармагында башка кызматтарды көрсөтүүнү каржылоону мерчемдеп жатат”, -деп белгилешти ведомстводон.

Бул долбоор КРСУ жана “КайтГрупп” ЖЧКсынын жергиликтүү жана индиялык бизнес-коомчулуктан турган негиздөөчүлөрү менен биргеликте ишке ашырылган.

Борбордун расмий ачылышы бүгүн болот. Иш-чарага Индиянын элчиси Лакшманан Савитри, КР Инвестицияларды илгерлетүү агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу, КРСУ ректору Владимир Нифадьев жана инвесторлор өздөрү катышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий