• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Индиянын Хайдарабад шаарында 11 кыргыз жараны карантинге алынды

Коом 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Индиянын Хайдарабад шаарында 11 кыргызстандык жаран карантинге алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Алар азыр изоляцияга алынып, коронавируска текшерилет", - деп билдиришти министрликтен.

Эске сала кетсек, үстбүздөгү жылдын 18-мартында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө коронавирус жуктурган алгачкы үч учур катталгандыгын билдирген.

Жугуштуу илдетти жуктургандар Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун жашоочулары. Маалым болгондой, алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен.

Эки күн өткөндөн кийин 20-мартта коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталгандыгы маалым болду.

Мындан улам вирустун белгилери табылган элдер жашаган Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

2020-жылдын 21-мартына алынган маалыматка ылайык, илдетти жуктуруп алган дагы алты учур тастыкталып, жалпы ооругандардын саны 12 кишиге жетти.

Сузак районун – 8, Ноокаттын – 3 жана Баткен районунун – 1 жашоосунан коронавирус табылган. Алардын баары Сауд Арабияга умрага барып келгендер. Учурда Баткен районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Белгилей кетсек, бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын бардык аймактарында өзгөчө кырдаал киргизилип жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий