• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Индиянын премьер-министринин расмий визити: 20 документке кол коюлат

Саясат 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга расмий визит менен келет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал билдиргендей, сапар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинен кийин өтөт.

"Бул Нарендра Модинин Индиянын премьер-министри болуп кайра шайланышынан кийинки биринчи эл аралык сапары болот. Ошондуктан тараптар бул сапарды өткөрүүгө өзгөчө маани беришти. Сапардын алкагында тар жана кеңири форматта сүйлөшүүлөр өтөт", - деди ал.

Сыдыков белгилегендей, кыргыз-индиялык бизнес форумун жана текстиль продукцияларынын көргөзмөсүн өткөрүү пландалып жатат.

"Кыргызстан менен Индия ортосунда стратегиялык өнүгүү боюнча биргелешкен декларация кабыл алынат. Андан тышкары, 20 эки тараптуу документке кол коюлат. Расмий сапардын жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Индиянын алакасы жаңы деңгээлге чыгат деп ишенебиз ", - деди Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий