• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Индиянын түндүгүндө теракт болуп, 42 полиция кызматкери каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 15.02.19 /Кабар/. Индиянын түндүгүндөгү Джамму жана Кашмир штатында теракт болуп, 42 полиция кызматкери каза болду, дагы ондон ашык киши жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-февралда колго жасалган жардыргыч зат коюлган автобус полиция түзүмдөрүнүн жанына келгенде жарылды. Автобусту жанкечти-террорчу башкарган.

Жардыруу болгондон кийин ок атышуунун үндөрү угулуп жатты, - деп жазат ANI агенттиги.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Жаиш-е-Мухаммад" террордук тобу өзүнө алды.

"Жаиш-е-Мухаммад" Индиянын Джамму жана Кашмир штатындагы онго жакын сепаратисттик уюмдарынын бири. Алар Индиядан эгемендүүлүк алып же болбосо коңшу Пакистанга кошулууну каалашат.

Пикир

Оставить комментарий