• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Индонезия коронавирусту жуктуруп алгандарды жапайы аралга көчүрөт

Дүйнө 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Индонезиянын бийлиги мурдагы качкындардын лагери жайгашкан Галанг аралында коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарга атайын оорукана курууну көздөөдө. Бул тууралуу The Jakarta Post гезитине шилтеме берүү менен Известия басылмасы жазды.

Күн мурун Индонезиянын аскердик командири, авиациянын маршалы Хади Тчахджанто аталган аралга барган. Анын айтымында, Галанг аралы тандалганынын себеби 1979-1996-жылдары вьетнамдык качкындар үчүн салынган лагердин калдыктары калган, башкача айтканда, имараттар сакталып калган.

Хади белгилегендей, аралда карантиндик борбор ишке кирет. Жалпысынан 1 миң бейтапты батыра алган оорукана бир ай аралыгында курулуп бүтөт.

2-мартта Индонезияда коронавирусту жуктурган эки учур катталганы белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий