• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Индонезия: Цунамиден кеминде 281 киши набыт, 57 киши дайынсыз болууда

Дүйнө 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. Индонезиянын Зонд кысыгындагы ири цунамиден кеминде 281 киши набыт, 1016 жарадар жана 57 киши дайынсыз болууда.

Табигый кырсыктардын алдын алуу кызматынын маалыматы боюнча, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.

Буга чейин, 222 киши набыт болуп, 840 адам жарадар болду деп айталган.

Индонезиянын Бантен провинциясын цунами 23-декабрда каптаган. Кырсык Анак-Кракатау вулканынын атылуусунан кийин деңиз жээгинде жер көчкү жүрүүүсүнөн улам болгону айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий