• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Индонезия: Цунамиден кеминде 373 киши набыт болду

Дүйнө 0

Бишкек, 25.12.18 /Кабар/. Индонезиянын Зонд кысыгындагы ири цунамиден кеминде 373 киши набыт, 1500 жарадар жана 120 киши дайынсыз болууда.

Куткаруучулар урандылардын алдында жана арасында адамдар бар деп болжолдонууда, аман калгандар изделип жатат.

Табигый кырсыктардын алдын алуу кызматынын маалыматы боюнча, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.

Цунамиден улам жүздөгөн үйлөр, имараттар талкаланды, 12 миңдей адам жер которууга аргасыз болду.

Индонезиянын Бантен провинциясын цунами 23-декабрда каптаган. Кырсык Анак-Кракатау вулканынын атылуусунан кийин деңиз жээгинде жер көчкү жүрүүүсүнөн улам болгону айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий