• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Индонезияда 16 жаштагы өспүрүм жаңы телефон алып бербегени үчүн үйүн өрттөп салды

Дүйнө 0

Бишкек, 22.05.18 /Кабар/. Индонезияда 16 жаштагы өспүрүм жаңы телефон алып бербегени үчүн ата-энесинин үйүн өрттөп салды. Бул тууралуу The Straits Times басылмасы билдирип чыкты.

Окуя Чыгыш Ява провинциясындагы Джамбон районунун Понорого округунда орун алган. Жергиликтүү шериф Джоко Винартонун (Djoko Winarto) айтымында, өспүрүм анын 50 жаштагы атасы тезинен жаңы гаджет алып бере албаганына жинденген. Атасы өспүрүмгө телефонду Индонезияда 15-июнда өтө турган Орозо майрамда сатып бере турганын айткан, - деп жазат lenta.ru

Анткен менен өспүрүм анчалык узак күтүүнү каалабай турганын чечип, каршылык катары үйдүн ашканасына отун алып келип, өрттөп жиберген. Натыйжада эч ким жабыр тарткан эмес, бирок үй толугу менен күйүп кеткен. Полиция үй-бүлөнүн чыгымын 75 млн. индонезия рупийи (360 миң сом) деп баалады.

Винарто белгилегендей, өспүрүм бир жолу мотоцикл алып берүүдөн баш тартканда ата-энесин өлтүрөм деп коркуткан. Ошондой эле ал өзүнүн начар айдоосунун айынан жергиликтүү тургундар менен бир нече жолу чатакташкан.

Январь айында байкесинин таарынткан тамашасын эстеп алып, ата-энесинин үйүн өрттөп жиберген америкалык жаран тууралуу маалымдалган. Жерине келген полиция кызматкерлерине ал кылмышка анын башындагы үндөр түрткү берди деп түшүндүргөн.

Пикир

Оставить комментарий