• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Индонезияда шайлоодо чарчап-чаалыккан 100дөн ашык киши каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Индонезияда жалпы улуттук добуш берүүдөн кийин шайлоо комиссиясынын кеминде 92 мүчөсү каза болуп, 374ү ооруканаларга жеткирилди. Бул тууралуу жергиликтүү Antara маалымат агенттиги кабарлады. Мындан тышкары өлкө полициясы 15 кызматкери мерт болгонун кабарлоодо.

Индонезия Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Ариф Будимандын айтымында, комиссия мүчөлөрүнүн иш күнү бир суткадан ашык убакытка созулган. Буга байланыштуу алардын айрымдары чарчап-чаалыгуудан улам каза болгон. Полиция кызматкерлери болсо катуу чарчагандыктан жана ага байланышуу келип чыккан жол кырсыктарынан мерт болушкан.

17-апрелде өткөн Индонезиядагы бул шайлоолор акыркы кездердеги дүйнөдөгү эң масштабдуу шайлоо болуп калды. Анда өлкө жарандары президенттен тышкары, парламенттин эки палатасынын депутаттарын жана аймактар менен округдардын мыйзам чыгаруу органдарынын мүчөлөрүн тандашты. Жалпы өлкө боюнча 800 миңден ашык шайлоо тилкеси ачылып, добуш берүү укугуна ээ 192 миллион адамдын 80% шайлоого катышты.

Будиман компенсация катары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 16-36 миллион рупийден (72-163 миң сом) төлөп берүүнү сунуштады. Ошондой эле ал мындан кийин шайлоо комиссияларынын иши жеңилдетиле тургандыгын убадалады.

Пикир

Оставить комментарий