• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Индонезиядагы жер титирөөдө көз жумгандардын саны 1424кө жетти

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Индонезиядагы жер титирөө жана цунаминин кесепетинен каза болгондордун саны 1424кө жетти. Бул тууралуу Kompas телеканалы билдирди.

Буга чейин кырсыктан курман болгондордун саны 1407 болгондугу, 2 жарым миңден ашык адам жабыркагандыгы тууралуу маалымдалган.

28-сентябрда эртең менен Индонезиянын Сулавеси аралынын жээгинде Палу шаарынан алыс эмес жерде 6,1 магнитудалык жер титирөө катталган. Көп өтпөй ошол эле райондо күчү 7,4 магнитуадага жеткен дагы бир жер титирөө болгон. Палуда бийиктиги 2 метрге жеткен цунами болгон.

Өлкөгө 11-октябрга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бийлик кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн 560 миллиард рупий (37,6 миллион долларга жакын) бөлүп берүүнү көздөөдө. Маалым болгондой, бүгүн Палу шаарына жакын жердеги жергиликтүү аэропорт жарандык учактарды кабыл ала баштайт.

Пикир

Оставить комментарий