• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Индустар Кыргызстанды багындырууда: Бурана мунарасынын жанында жаңы клип тартылды

Маданият 0


Бишкек, 08.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Чүй облусундагы Бурана мунарасынын жанында индустар жаңы клип тартышты.

Клипке англиялык модель жана актриса, көптөгөн индиянын тасмаларында роль жараткан Эми Луиза Жексон Индиялык коллегасы менен биргеликте тартылган.

Клип үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында тартылды.

Эске сала кетсек, бул индия артисттери тарабынан Кыргызстанда тартылган биринчи клип эмес.

Буга чейин сентябрдын башында ырчы Анкит Тиван өз ырына КРде клип тартып, жалпы көрүүчүлөргө сунуштаган.

Ошондой эле, октябрь айында индиялык ырчы Рахат Фатех Али Хандын (Rahat Fateh Ali Khan) Кыргызстанда тарткан дагы бир клиби жарык көрүп, ага актриса Нита Чандра жана бир нече эл аралык сулуулар сынагына катышып келген кыргызстандык Нурсултан Айталиев катышкан.

Пикир

Оставить комментарий