• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Инэмури же жумуш учурунда бир уктап, чер жазып алуу тажрыйбасы тууралуу уктуңуз беле?

Дүр дүйнө 0

Инэмури – япон тилинен которгондо катышуу жана уктоо дегенди түшүндүрөт, башкача айтканда күндүз жумушта отурган кезде, коомдук унаада же башка коомдук жайларда бир уктап алуу дегенди туюндурат.

Япон салтына ылайык, бул жат көрүнүш эмес, тескерисинче коомчулук тарабынан колдоого алынып келет. Жумуш учурундагы инэмури – бул адам көп иштеп, аз уктап,уйкусу канбай калды деген менен түшүндүрүлөт.

Инэмури убагында социалдык макамга чоң маани бурулат. Мисалга, жумушчу жетекчилигинин көзүнчө уктаса болбойт, бирок тескерисинче жетекчилик өзүнүн жумушчуларынын көзүнчө уктаса боло берет.

Инэмури – күндүзгү кыска уйку, андан адам бат ойгонуп, жасап жаткан жумушуна тез эле киришип кетет.

Бирок инэмури учурда адам өз денесин чаржайыт койбошу керек, уктап жатса да болуп жаткан окуяда катышып жатам дегендей түр калтырыш үчүн түз отуруп, же туруп уктоосу абзел.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий