• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Инфекция очогуна Бишкектен ыктыярдуу дарыгерлер тобу жөнөп кетти - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Инфекция очогундагы дарыгерлерди колдоо жана алмаштыруу үчүн Бишкектен ыктыярдуу дарыгерлердин тобу жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жерине реаниматолог жана инфекционист дарыгерлер жөнөп кетти.

“Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын коштоосунда ыктыярдуу дарыгерлер тобу кетти. Аларга жеке коргонуу үчүн керектүү каражаттар берилди жана иш сапар акылары төлөндү. Инфекция очогундагы дарыгерлерди колдоо жана алмаштыруу үчүн кеткен, бул биринчи эле топ", - деп белгиледи ал.

Бүгүн белгилүү болгондой, учурда дагы коронавирус жуктурган 2 жаңы учур катталган. Алар эркек кишилер. Бирөө Дубайдан учуп келсе, экинчиси коронавирус жуктурган адам менен байланышта болгон. Алар - бирөөсү Чүй облусунун, ал эми экинчиси Бишкек шаарынын тургундары.

Ал эми кечээ, 24-мартта, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталганы айтылган. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 3, Чүй облусу - 1 адам.

2020-жылдын 25-мартынан тарта 15-апрелине чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий