• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Инфокомдун" директору Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу "Кабарга" Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту билдирди.

Талант Абдуллаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен мамлекеттик айыптоочу кайрылган. Себеби ал тергөө менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгон.

Сот бул өтүнүчтү канааттандырды

Эске салсак, Е-паспорттор үчүн бланк сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерден мамлекеттик бюджетке 253 млн. 377 миң сомдук зыян келтирилген.

Буга айыпталып Мамлекеттик каттоо кызматынын жана "Инфокомдун" жетекчилери камакка алынган болчу.

Пикир

Оставить комментарий