• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ингушетияда Чеченстан менен жер алмашууга каршы акция уланууда

Дүйнө 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Ингушетияда Чеченстан менен жер алмашууга каршы болгон адамдардын нааразылык акциясы уланууда. Ондогон адам түнү бою Магас шаарындагы парламент имаратынын алдында болушту. Жергиликтүү тургундар аларга тамак-аш жана жылуу кийимдерди алып келип жатышканын «Кавказ түйүнү» сайты жазды.

Кечээ кечинде Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров акция катышуучуларын таркоого жана аянттан «балдар менен карыларды» алып кетүүгө чакырган.

Күн мурун Ингушетия жана Чеченстан башчылары Юнус-Бек Евкуров менен Рамзан Кадыров аймактар ортосундагы чек араны бекитүү тууралуу мыйзамга кол коюшкан. Анда республикалар ортосундагы адамдар жашабаган аймактарды алмашуу каралган. Бирок ингушетиялыктардын көбү алмашыла турган жерлер тең эмес деп эсептешүүдө.

Мыйзам каралып жаткан маалда Магас шаарында нааразылык акциясы өтүп, ага миңдеген киши катышкан. Анын жүрүшүндө полиция асманга ок аткан. Өлкөнүн Конститциялык соту нааразылык билдирип чыккан жарандарды колдоп, бул маселе боюнча референдум өткөрүү зарылдыгын билдирген.

Кадыров өз кезегинде ингушетиялыктарды нааразылык акцияларды токтотууга чакырган.

Пикир

Оставить комментарий