• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ингушетияда эжеси тарабынан сабалган жети жаштагы кыздын абалы оор

Дүйнө 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Назрань шаарындагы ооруканалардын бирине туугандары тарабынан катуу сабалган жети жашар Аиша Ажигова түшкөн. Кыз атасынын карындашынын үйүндө жашаган. Ал кызды дайыма уруп-согуп турган.

Жети жаштагы кызга зомбулук көрсөтүү шеги менен кармалган 35 жаштагы Ингушетия тургунунун күйөөсү полицияда иштейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жашы жете элек өспүрүмдөр бөлүмүнүн башчысынын орун басары Адам Мургустов билдирди.

Анын айтымында, биологиялык апасы эмне үчүн кызды таштап кеткени аныктала элек.

Маалыматтарга караганда, кыз 4-июлда көптөгөн жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Андан соң аны Москадагы Илимий иликтөө институтунун балдар хирургиясына которушкан. Кыздын кабыргалары сынган, омурткасы жабыркаган. Клиниканын президенти Леонид Рошаль жабырлануучунун буттарынын манжалары кесилиши ыктымал экенин четке каккан жок. Жети жашар Аишанын абалы оор бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий