• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Инклюзивдик билим берүү – ар бир бала үчүн мүмкүнчүлүк

Коом 0

Кыргыз Республикасынын ар бир мектебинин алдында турган негизги милдеттеринин бири окуучулардын таанып билүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу болуп саналат. Аталган маселе башталгыч билим берүү баскычында абдан маанилүү. Ал эми инклюзивдик билим берүү үчүн келген балдарга өзгөчө актуалдуу. Башталгыч мектепте ар бир инсандын таанып-билүү жөндөмүнүн пайдубалы түптөлүп, бул процесстин эрктүүлүгү жана аң сезимдүүлүгү калыптанат. Бирок, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бул маселе кандай чечилет деген суроо туулат.

"Башталгыч билим берүү баскычында, ДМЧ балдардын психофизикалык өнүгүүсүн коррекциялоо жана негизги билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүрүшүн камсыз кылуу үчүн инклюзивдик билим берүү комплекстүү педагогикалык, психологиялык жана социалдык жардам уюштурууга багытталган. Бул учурда, бүт коррекциялык иш системасынын маанилүү бөлүгү болуп, мугалимдин психологиялык-педагогикалык компетенттүүлүгү эсептелет", - деп белгилейт Ош шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Салтанат Жудошева.

Ош шаарынын педагогдору "Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылык колдоосу менен Борбор Азиядагы Евразия фонду тарабынан уюштурулган инклюзивдик билим берүүнүн методологиясы боюнча өткөрүлгөн семинарлардын активдүү катышуучулары болуп саналат.

2017-жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мамлекеттик стандарттардын алкагында пилоттук мектептердин бири А. Навои атындагы №18 мектепте билим алуудагы өзгөчө муктаждыктары бар ар бир бала үчүн жекече окуу планы иштелип чыккан. Бул пландар, 2018-жылы инклюзивдик билим берүүдөгү балдар үчүн ар бир предмет боюнча ылайыкташтырылган билим берүү программалары менен толукталды. Белгиленген иштин бардыгы "Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылык колдоосу менен Борбор Азиядагы Евразия фонду тарабынан "Кыргыз Республикасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүдө инновациялык технологияларды киргизүү" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Акыркы 20 жылда "Сорос-Кыргызстан" фонду атайын билим берүү керектөөлөрүнө муктаж жана өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү жана алга жылдыруу боюнча зор салым кошту.

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды камтыган инклюзивдик топтогу окуучулар курамы өтө көп кырдуу – биринчиден бул топко өнүгүүсүндө, тагыраак айтканда: угуу, сүйлөө, көрүү, акыл, кыймыл-таяныч системасы, ж.б. жагынан ар кандай бузулуулары бар балдар кирет", - дейт психологиялык-медициналык жана педагогикалык коштоо кызматынын педагогу Аксаамай Осмоналиева.

Осмоналиева айтымында, мындай кырдаалда баланын психикасынын, ден соолугун жана антропологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жекече мамиле кылуу артыкчылык болуп саналат.

"Биз мектептеги методикалык семинарда өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдар үчүн билим берүү стандартынын өз алдынчалуулугун калыптандыруу талабын ишке ашыруу маселесин талкууладык. Семинардын жыйынтыктары боюнча сабактардын ылайыкташтырылган программасына окуучуларды рефлексия ыкмаларына окутуу методдорун киргизүүнү чечтик. Проблемалуу суроолор жана алардын жообун биргелешип табуу балага өз алдынча суроолорду коюп, маселени чечүүгө мүмкүндүк берет, - дейт мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары А. Кадырова.

"Сорос-Кыргызстан" Фондунун каржылык колдоосу менен Борбор Азиядагы Евразия фонду ишке ашырып жаткан "Кыргыз Республикасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүдө инновациялык технологияларды киргизүү" долбоорунун алкагында Евразия Фонду Кыргыз Республикасынын мектептеринде инклюзивдик билим берүү практикасынын туруктуу системасын түзүүгө умтулат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн стандартты пилоттоштуруу ар бир баланын мектепте билим алуусу боюнча жаңы жакшы натыйжаларды алып келет.

Пикир

Оставить комментарий