• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Инклюзивдик билим берүү шарттары кеңейтилет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 20-январдагы олтурумунда Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдү карады. Анда майыптыгы бар балдарга билим берүү маселелери боюнча сунуштар камтылган. Бул тууралуу демилгечи депутат Дастан Бекешев баяндама жасады,- деп билдирет Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Бул мыйзам долбоору өтө орчундуу. Себеби, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган атайын 14 мектеп бар. Аларды каржылоого эле жылына 300 млн сомдон ашык каражат кетет. Анын ичинде мугалимдердин да айлык акылары камтылган.

“Бирок, терс тенденция байкалууда. Анткени, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жыл сайын 2 - 3 миң балага өсүп жатат. Бул өкүнүчтүү көрүнүш. Ал аз келгенсип, атайын мектептерде да ашыкча балдарды кабыл алуу шарты жок. Ошондуктан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кадимки мектептерде окууну да тандап алса болот. Бул алардын ата-энелеринин чечимине байланыштуу. Атайын мектептерди, үйдө окутуу системасын толук жоюп жибербейбиз. Болгону инклюзивдик билим берүү усулун ишке ашырууну сунуштоодобуз”, - дейт демилгечи депутат.

Талкууда депутат Евгения Строкова, - “Баардык эле балдар кадимки мектептерде окуй алаарынан күмөн санабайм. Бирок, мындай балдарды окутууда мугалимге эле кыйын болот. Себеби, бул менин тажрыйбамда болгон көрүнүш. Ошондуктан, жөнөкөй мектептерде инклюзивдик билим берүүнү атайын класстарда уюштуруу керектир”, - деп сунуштады.

Эгерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын башталгыч класстарда окуп жаткан учурлары баа коюу аркылуу бааланбаса келечеги кандай болот? Аттестат алуу жагынан да суроолор жаралат, - деген суроону депутат Альфия Самигуллина демилгечиге жолдоду.

Депутат Тазабек Икрамов аутизм дартынан жабыркаган балдардын тагдырына кайрылып, аларга колдоо көрсөтүү маселесин демилгелегендигин эске салды. Инклюзивдик билим берүүчү чакан мектептерди ордо калаадан тышкары ири шаарларга да уюштурсак, - деп сунуш берди.

Тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын так эсебин демилгечи депутаттан тактады. Кайтарылган жоопко караганда андай балдардын эсеби 29 миңди түзөт.

Депутат Аида Исмаилова, - “Жакынкы күндөрү мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын “Прогрессивдик жаштар кыймылы” анализ жыйынтыктары менен алдыдагы дүйшөмбү күнү тааныштыраарын кошумчалады.

Талкуу жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, инклюзивдик билим берүүгө 2023 – жылдан тартып жылына 50 млн сом бөлүп берүүнү тармактык комитет жактырды.

Пикир

Оставить комментарий