• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин жобосу бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин жобосу бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Инновациялык борбордун ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасында тиешелүү инновациялык экосистеманы калыптандыруу үчүн Кыргыз Республикасында инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана илгерилетүү эсептелет.

Инновациялык борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну колдоо;

2) инновациялык, жаштар жана социалдык ишкердикти өнүктүрүү жана жайылтуу;

3) инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды иштеп чыгуу жана коммерциялаштыруу үчүн тиешелүү инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү;

4) балдардын жана жаштардын инновациялык ишмердүүлүк жаатында билим деңгээлин жогорулатуу боюнча окутуучу курстарды коштоо жана колдоо;

5) мамлекеттик патенттик жана илимий-техникалык маалымат фондун калыптандыруу жана пайдалануучулардын сурамдарын тейлөө.

Белгилей кетсек, Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын укук улантуучусу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий