• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Инспекторлор жөө жүргүнчүлөрдүн жолду туура эмес жерден кесип өткөндүгү үчүн төлөнүүчү айып пул тууралуу эскертишет

Коом 0

Бишкек, 22.09.19. /Кабар/. Автоинспекторлор жөө жүргүнчүлөргө туура эмес жерден жолду кесип өткөндүгү үчүн салынуучу айып пул тууралуу эскертишет. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун аймагында 22-сентябрдан баштап “Жөө жүргүнчү” рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чаранын максаты – жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын эскертүү жана профилактикалоо, жол кыймылынын катышуучуларынын дисциплинасын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу

Рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жолду туура эмес жерден кесип өткөн жөө жүргүнчүлөргө өзгөчө көңүл бурушууда.

“Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору мындай жөө жүргүнчүлөр менен сүйлөшүү жүргүзүп, мындай бузуу үчүн айып пул 500 сомду түзөрүн эскертишүүдө”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий