• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Инстаграмда түз эфирде унаасын жогорку ылдамдыкта айдаган 24 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Инстаграмда түз эфирде унаасын жогорку ылдамдыкта айдаган 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Мерседес-Бенц" унаанын айдоочусу видеодо көрүнүп тургандай жол эрежесин бир нече ирет бузган.

Айдоочуну милициянын кайгуул кызматкерлери издеп таап, өздүгүн аныкташкан. 24 жаштагы У.М. аттуу айдоочуга карата Бузуулар жөнүндө кодексинин беренелери боюнча 3 протокол түзүлгөн. Ага жалпысынан 16 миң сомго айып салынды.

Ошондой эле айдоочуга карата мындай жоруктарга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий