• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Instagram'дын 49 млн колдонуучусунун маалыматтары интернеттеги ачык базада сакталып келген

Дүйнө 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Инстаграм социалдык түйүнүнүн 49 миллион колдонуучусунун жеке маалыматтары интернеттеги ачык базада сакталып келген. Бул тууралуу TechCrunch басылмасы кабарлады.

Басылманын макаласында белгиленгендей, аталган маалыматтык базада катталуучуларынын саны көп, туруктуу негизде жарнамалар жарыяланып турган аккаунттар болгон. Алардын арасында белгилүү адамдардын, популярдуу блогерлердин жана бренддердин баракчалары бар экени кабарланууда.

Маалыматка караганда, Инстаграмда жарнама сатуу менен алектенген индиялык компаниянын кызматкерлери социалдык түйүндүн колдонуучулары тууралуу маалыматтарды Амазон Веб Сервисте сыр сөзсүз сактап келишкен. Андагы ар бир аккаунт аларга жайгаштырылган жарнамалардын баалары менен коштолгон.

Ачык базадагы маалыматтардын арасында катталуучуларынын саны, аккаунттун ээси жашаган өлкө сыяктуу жалпы маалыматтардан тышкары анын электрондук почтасынын дареги жана телефон номуру өңдүү жеке маалыматтары дагы болгон.

TechCruch маалыматтарды сыр сөзсүз жайгаштырган индиялык компанияга кайрылгандан кийин алар маалыматтык базага кирүү мүмкүндүгүн жабышканын билдирүүдө.

Апрелде Инстаграмга ээлик кылган «Фейсбук» компаниясынын акционерлери Марк Цукербергди кызматтан кетүүгө чакырышкан. Алар социалдык түйүн колдонуучуларынын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткендигине байланыштуу биржада компаниянын акцияларынын баасы төмөндөп кеткенин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий