• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Instagram’дын ишиндеги мүчүлүштүктөр четтетилди

Дүйнө 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Instagram колдонмосунун ишиндеги бузулуулар четтетилип, программа штаттык режимде иш алып барууда, деп маалымдайт РИА Новости.

Белгилүү интернет-булактарындагы мүчүлүштүктөргө байкоо жүргүзгөн Downdetector сайтынын маалыматына ылайык, Instagram’дын дүйнө боюнча колдонуучулары сервистин ишиндеги бузулуулар тууралуу кабарлашкан. Мындай жагдай Европа, Түндүк жана Түштүк Америка жана Азия өлкөлөрүндө да байкалган. Ошондой эле Россиянын аймагында да мындай көйгөйлөр тууралуу кабарланган.

Бүгүнкү күндө Instagram социалдык тармагы штаттык режимде иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий