• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Интергельпо көчөсүндө жайгашкан кампадагы өрт чектөөгө алынды

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Бишкекте Интергельпо көчөсүндө жайгашкан турмуш-тиричилик техникасы сакталган кампада болуп жаткан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлгинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кампадан чыккан өрт 15:04тө чектөөгө алынды. Өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2 миң 800 чарчы метрди түзөт.

Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, өрт бүгүн саат 11:23те башталган.

Пикир

Оставить комментарий