Интергельподон кийин: Чех компаниясы Кыргызстанда ГЭС каскадын курат

Аналитика 0

Көптөгөн скептиктердин күткөндөрүнө карабастан, Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын курганга инвестор тапты. Кыргыз өкмөтү жана Чехиянын «Liglass Trading CZ, SRO» жеке компаниясы 10-июлда Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу жана ишке киргизүү тууралуу келишимге кол коюшту. Биринчи баскычында чех инвесторлору буга чейин «РусГидро» россиялык компаниясы курулушту баштаган Жогорку Нарын ГЭС каскадынын Акбулуң ГЭС жана Нарын ГЭС-1де иштеп башташы каралууда. Нарын ГЭС-1 жана Нарын ГЭС-2 ГЭС каскаддарынын долбоору биринчи гидростанциялар ишке киргенден кийин башталат.

Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча россиялык “РусГидро” менен келишим түзүүнүн башында эле долбоордун ар кандай себептерге байланыштуу кыска болушу болжолдонгон. Бирок негизги өнөктөштү кескин санкциялардын жана эркин эмес акча каражаттарынын жагдайына кептеген Украинадагы окуялардын болушу эч кимдин оюна келген эмес. Натыйжада, бул долбоордун баасын олуттуу түрдө жогорулатып, Кыргызстан андан баш тартууга аргасыз болду.

Көрө албастар кубанычка батышты! Алардын божомолдору ишке ашты! Алар президенттин жана өкмөттүн ишинин жыйынтыгына дээрлик РФ менен Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу боюнча келишимдин ийгиликсиз долбоорлордун бири катары бузулушун жазып коюшкан. Бирок, баары башкача болуп чыкты. Президент Алмазбек Атамбаев анын конституциялык укуктарынын мөөнөтү аяктаганча Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга инвестор табарын дароо айткан. Себеби, курулушту этегине чыгаруу - ал үчүн намыс болгон. Ал өкмөткө инвестор табып, долбоорду ишке ашырууну тапшырган.

Негизги бөлүгүн Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү аткарган эки жылдык интенсивдүү иштен кийин «Liglass Trading CZ, SRO» чех компаниясы менен келишимге кол коюуга жетишилди. Компания ГЭСти курууга эле эмес, россиялык инвестордун алдындагы 37 млн долларды да жабууга милдеттендирилет. Бул өкмөт үчүн келишим түзүүдөгү артыкчылыктуу жагдай болуп саналат. Себеби, Кыргызстан россиялык тараптын алдындагы өзүнүн бул сумманы төлөп берүү милдетинен кутулат.

Бул инвесторго таңууланган жок, бирок көптөр абалды дал ошондой түшүндүрүүлөрү мүмкүн. “РусГидро” компаниясына карызды төлөп берүү чехиялык компаниянын өзүнүн демилгеси болуп, алар өздөрүнө бул кошумча милдетти алышты. 10-июлда кол коюлган инвестициялык келишимге ылайык, «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы россиялык тараптын “Жогорку Нарын ГЭСтери” ЖАКнын 50% акциясы өлчөмүндө үлүшүн берүүнү баштоо үчүн 30 банктык күндө “Электр станциялары” ААКнын эсебине 37 млн доллар которууга милдеттендирилет. Бул 2012-жылы түзүлгөн ЖАКдагы россиялык тараптын үлүшү алгач “Электр станцияларынын”, андан соң чехиялык инвестордун менчигине өтөрүн билдирет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ак-Булуң жана Нарын ГЭС-1 курулушунун жалпы баасы 230 млн долларга бааланууда. Бирок инвестор чыгымдарды так келтирүү үчүн ТЭНди актуалдаштырууну убада кылууда. Алар курулушту 4 жылдын ичинде бүткөрүүнү убада кылышууда. Ал эми долбоор өзүн 8 жылдын ичинде электр энергиясын иштетүүнүн эсебинен актайт. Мында бааны көтөрүү тууралуу сөз болгон жок.

Мындан тышкары, Улуттук энергетика холдингинин башчысы Айбек Калиевдин айтымында, чех инвестору менен түзүлгөн келишим “РусГидро” менен түзүлгөнүнө караганда пайдалуу жагы менен айырмаланат. Анын ичинде, ал биринчи ирет толук бойдон жеке чет элдик инвесторлорду тартуу менен мамлекеттин кепилдигисиз ишке ашырылат. Бул келишим ратификацияны талап кылбайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет. Чех компаниясы ишти баштоого дээрлик даяр турат. Дагы бир маанилүү жагдай, кыргыз тараптын акциялары өзүндө калат жана “РусГидро” менен болгондой, инвесторго ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилбейт. Ага ЖАКтын 25% үлүшү долбоор акталганга чейин өткөрүп берилген. Албетте, талаштуу маселелер жаралган шартта аларды чечүү Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

Жогорку Нарында эки, келечекте дагы эки ГЭСтин курулушунан тышкары Кыргызстандын өкмөтү менен «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясынын ортосунда 10-июлда “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу” долбоорун ишке ашыруу келишимине кол коюлду. Келишимде каржылоо, техникалык-экономикалык негизин иштеп чыгуу, курулуш, 2019-жылдын 30-декабрына чейин «Орто-Токой-1», «Орто-Токой-2», «Папан», «Чон-Аксуу», «Кировская», «Карасуу левая-1», «Карасуу левая-2» чакан ГЭСтерин ишке киргизүү, ошондой эле 2020-жылдын аягына чейин «Сандык-1», «Сандык-2» и «Сандык-3» чакан ГЭСтерин куруу жана ишке берүү каралган. Келишим жөн жерден түзүлгөн жок. «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы бул долбоорду ишке ашыруу тендерин жеңип алды.

Жалпысынан, 1990-жылдан бери иштеген, кыйла ири чехиялык компаниянын Кыргызстандын рыногуна ири инвестициялар менен келиши – бул зор кадам жана президенттин, өкмөттүн инвесторлор үчүн, өлкөдө бизнести өнүктүрүүгө багытталган аракеттерине берилген кыйла жогорку. Ошондой эле, бул Сооронбай Жээнбековдун министрлер кабинетинин өлкөнү өнүктүрүү жана туруктуулукту камсыздоого багытталган программасынын пландарын ийгиликтүү аткаруусунун көрсөткүчү. Буга чейин инвесторлордун кызыгуусу болгону талашсыз, бирок, ал учурдагы премьердин командасынын келиши менен көрүнүктүү деңгээлде өстү. Бул өкмөт кыска кызыкчылыктар үчүн эмес, өлкөнүн келечеги, өнүгүшү үчүн иштөөгө даяр экенин көрсөттү.

Эгерде тарыхка кайрылсак, анда Кыргызстан жана Чехиянын өз ара тарыхый байланышы бар. Алыскы 1924-жылы советтик Кыргызстанга Чехиядан «Интергельпо» өнөр жай кооперативинин мүчөлөрү СССРдин социалисттик республикалардын бирин курууга чакырыгына үн кошуп ыктыярдуу түрдө келишкен. Бир нече жылдын ичинде эле интергельпочулар электрстанцияларды, текстилдик фабриканы, эритүүчү цех, ооруканаларды жана республиканын өкмөтүнүн резиденциясын да курушкан. Ошондой эле, темир жолун узартышкан. Кооператив негиздеген «Интергельпо» механикалык чеберканалары кийин Фрунзе атындагы завод болгон.

Учурда эски байланыштар жаңыланууда. Чех компаниясы экономика инвестицияга, жаңы долбоорлорго, жаңы мүмкүндүктөрдү өнүктүрүүгө муктаж болуп турганда Кыргызстанда объекттерди курушат.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий