• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Интернетке чыгарам: Ошто 5 айдан бери кызды зордуктап жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.05.18. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Ош шаарында 24 жаштагы кызды коркутуп, 2017-жылдын декабрь айынан бери зордуктап жүргөн 26 жаштагы бала кармалган. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлерине жабырлануучу кыз арыз менен кайрылган.

Анда: “Кылмышка шектүү жигит жабырлануучуну “экөөбүздүн сексуалдык карым-катнашыбызды видеого тартып алганмын, каршылык көрсөтсөң видеону ата-энеңе кѳрсѳтүп, интернетке чыгарамын деп айтылгандыгы жазылган”.

Шектүү бала кызды коркутуу жолу менен жыныстык катнашка барып жүргөн,-деп кабарлашты милициядан.

“Акыркы ирет 27-апрелде, күндүзкү саат 15:00 чамаларында Ак-Буура дарыясынын боюнда ушундай ишке барган. Кылмышка шектүүнүн мындай токтобогон аракеттерине чыдабаган кыз ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 2018-жылдын 28-апрелинде кылмышка шектүү катары Т.Д., аттуу жаран кармалган.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тиешелүү соттук-биологиялык, медициналык экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий